Бишкекте эркек кишини күч менен унаага салып кеткен видео тарады. Буга ШИИБ эмне дейт?

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде эркек кишини күч менен унаага салып кетишкен. Аталган окуянын күбөлөрү Kaktus.media сайтына видео жиберишкен.

Маалыматка караганда, кечээ, 30-май күнү саат 21:00 чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кишини күч менен унаага салып кетишкен.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкек ШИИББине байланышканда, бул факты көзөмөлдө экендигин билдиришти.

"Бул факты боюнча билдирүү келип түшкөндө окуя териштирилип, аталган жарандар тууган экендиги белгилүү болгон. Алар тууганы алкоголдук ичимдикке көз каранды болгондуктан наркологияга алып бара жаткандарын билдиришкен", - деп билдиришти шаардык милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан