Мьянмада нааразычылык акцияларында курман болгондордун саны 840ка жетти

Мьянмада аскердик бийликке каршы нааразычылык акцияларын таратууда курман болгондордун саны 840 адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада нааразычылык акцияларын таркатуу учурунда үч адам каза болгон. Ошол эле учурда 4 миң 409 демонстрант дагы деле камакта болсо, 1 миң 881 кишини камакка алуу жөнүндө буйрук чыккан.

Эске салсак, 1-февралда Мьянмада бийликти аскерлер көзөмөлгө алып, өлкө көп партиялуу демократиялык системага өткөндүгүн жарыялаган. Аскер бийлиги өлкө боюнча бир жылга киргизилген өзгөчө кырдаал абалы аяктагандан кийин шайлоо өткөрүүнү убада кылышкан. Демонстранттар армияны бийликти демократиялык жол менен шайланган өкмөткө кайтарып берүүнү, 2020-жылы 8-ноябрда шайланган парламенттин биринчи сессиясын чакырууну жана камакка алынган лидерлерди токтоосуз бошотууну талап кылышууда. Мьянмадагы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында 24 министр жана алардын орун басарлары кызматынан айрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан