Түркмөнстандын борбору Ашхабадда, Балкан жана Дашогуз облусунда нан тартыштыгы күчөп, борбор калаада жеке соодагерлердин наны эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, март айында Лебап облусунун жашоочулары бул өнүмдүн жетишсиздигине нааразы болушкан. Ал эми май айынын ортосунда Балкан облусунун шаарларынын биринин тургуну нан үчүн кезектеги уруш жөнүндө айтып чыккан. Эми бир-эки жумадан кийин мындай окуялар кадимки көрүнүшкө айланганы маалым болду.
"Дүкөндөрдөгү уруштар аябай коркунучтуу, нан жетишсиз, ун жок" деген жергиликтүү тургун. "Эшикте ысык, кезекте тургандардын кан басымы көтөрүлүп, кээ бирлери алсырап калышты. Нан эртең менен гана сатылат, үй-бүлөнүн чоңдугуна карабастан бир үй-бүлөгө экиден ашык нан сатылбайт. Нанды сатып алган соң элдин арасынан чыгып кетүү кыйын", - деп кошумчалаган шаар тургуну.
Мамлекеттик дүкөндө бир нан 0,5 манат (11 сом 97 тыйын), ал эми Балканда жеке соодагерлерден алынган жалпак нан 4 манат (95 сом 74 тыйын) турат.