"Арасында милициянын кайгуул кызматы бар". Ысык-Ата эс алуучу жайында жарандар мушташа кетти

Чүйдүн Ысык-Ата районунда болгон уруш боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-май күнү Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата эс алуучу жайы тарапта чыр-чатак болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "ээнбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Алдын ала териштирүү учурунда бир нече эркек кишинин ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен алардын ичинен эки жаран алган жаракаттарынан улам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине кайрылган. Аталган ызы-чуунун катышуучуларынын арасында Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери болгону маалым болгон. Окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан