Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уу коргошунду клиникалык сыноолорго жиберди жана уу коргошун резиденцияда кайнатылган эмес. Мындай маалыматты министр Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда билдирди.
"Резиденцияда президент Садыр Жапаров уу коргошундун дозасын көрсөтүп берген. Мисалы, 1 грамм болсо 1 литрге кошкула деп. Аны алып туруп бир жакшы заводдон кайнатканбыз. Аны айтпай турайын. Клиникалык эксперимент өткөрүү үчүн Казакстан, Орусиядагы профессорлорго бердик. Биздин өзүбүздүн да профессорлордон алып жатабыз, андан кийин илимий-техникалык кеңеш бар, ал жерде жактырылса анан колдонобуз. Жактырбаса колдонбойбуз. Жыйынтыгы жакшы чыкса ал коронавируска, ашказан рагына колдонулат. Кээ бирөөлөр кан басымга, кант диабетине колдонушат экен. Эффект болуп жатат", - деп билдирди Бейшеналиев.