Аргентиналык белгилүү футболчу Серхио Агуэро каталондук "Барселона" футболдук клубуна өттү. Мындай маалымат "Барселона" клубунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу бүгүн, 31-майда медициналык кароодон өткөн. Анын клуб менен болгон келишими 2023-жылга чейин түзүлдү.
Серхио Агуэронун "Манчестер Сити" менен келишими ушул жылы жай айында аяктады. Англиялык клуб аргентиналык футболчу менен келишимди узартпоо чечимин кабыл алган. 32 жаштагы чабуулчу "Манчестер Ситиде" 2011-жылдан бери ойноп келген. Ал клуб менен беш жолу Англия чемпиондугун, Англия Кубогун жана үч жолу Суперкубокту, алты жолу Англия Лигасынын Кубогун жеңип алган.