"Эмнеге чакырганын түшүнгөн жокмун". Депутат Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков эртең, 1-июнь күнү Кумтөр боюнча УКМКга суракка чакырылды. Мындай маалымат Момбековдун өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

"Мен чакыруу кагазын алган жокмун. Бирок "чакыруу кагазын тапшырып коёлу, сизди таппай жатабыз" деп телефон чалышты. Мени кандай таппай жатасыңар? Мен үйдө эле жүрөм дедим. Мени Кумтөр боюнча сурашат экен. Мен мурда-кийин өкмөттө иштебесем, 5-чакырылышта болбосом анан Кумтөргө менин кандай тиешем бар? Мүмкүн азыркы комиссиянын мүчөсү катары чакырып жатасыңар десем суроолорубуз бар деди. Мени саат канчага чакырышарын айта элек", - деди Момбеков.

Буга чейин Кумтөр иши боюнча дагы бир депутат Асылбек Жээнбековдун кармалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nazira...
2021-05-31 21:59:37
Кудайсынбы не? Чакырса барып кой, нең кетип атат, жөн чакырбайт да. Мындай кезде эч нерсе билбеген кудайдын момуну болуп калышат.
+10
Aiymkan89
2021-06-01 03:35:03
nazira..., кудайга тенебей эле суйлосонор? Кудайдан улуу нерсе барбы? Жон эле кыйын болуп кеттинби дегиле
-2
Mr.altynbek
2021-05-31 22:13:26
Суйлогондон башка иши дагы чыгып калгандыр балким
+12
XATSAN125
2021-05-31 22:15:09
Озун сапсим сезип алыптырго а былыгын барт ошого чакырды да же чайга чакырды деп ойлодунбу
+14
Nur777
2021-05-31 22:22:21
Абдан эки жуздуу адам экенсиз,откондо Кум-Тор элге отуш керек,Кум-Тор эл учун иштеш керек,Кум-Тор Кум-Тор деп какшап,тим эле жамактап жатып аягында добуш бергенде против берген,эл байкабай калат деген,аай шумшук эле да...
+23
Omyke
2021-05-31 23:01:50
Калыс болуп барып койунуз Кыргыз Эли учун коргон билгениниз бар учун чакырат да
+7
Eden-Hazard
2021-05-31 23:19:08
Тилиңди кесет сенин МОМБЕКОВ
+11
Azi12345
2021-05-31 23:28:01
Бабановтун кепкасы каякта? Бекитбей берип койсонуз болмок да. Тынч эле.
+10
make2
2021-06-01 00:12:01
Кошоматы жок бетке айткан саналуу депутаттардын бири, тилин ко,,,о тыгып отурган жок жамандабагыла
-6
bratanyn
2021-06-01 06:02:17
Сайрай берет колунан эчтеке келбейт
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан