Зияш аты менен таанымал болгон көп кырдуу талант Мухамедзиямидин Турдубек уулу сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн. Көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүмдүн колун сурадым. Болочок жубайымдын аты Нуржанат. Сүрөтчү болуп эмгектенет. Экөөбүз SUPER.KG порталында иштеп жүрүп таанышканбыз. Нуржанатты бир көрүп эле жактырып калгам. Көптөгөн аракеттерди кылып, минтип жүрөгүн багындырып алдым", - дейт актёр.
Ошондой эле ал эртең, 1-июнда кыз узатуу тою борборубуздагы тойканалардын биринде орун аларын кошумчалады.