Кытай Кыргыз өлкөсүнө азык-түлүк жана гранттык жардам берет

Сиань шаарындагы буга чейинки эки тараптуу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кытай жетекчилиги Кыргыз Республикасына азык-түлүк жана гранттык жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын азык-түлүк жардамы катары берүү жана 350 миллион юань (54 миллион АКШ доллары чамасында) акча каражатын грант түрүндө бөлүү маселесин чечкен. Бул каражатты өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргыз өлкөсүнө 150 миң доза Кытай вакцинасынын экинчи партиясын кайтарымсыз негизде гуманитардык жардам катары берүү чечими кабыл алынды.

Ошону менен бирге Кыргыз өлкөсүнүн Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу — Кыргыз Республикасына гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди.

Кыргыз тарап Кытайга өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет. Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
emirchik
2021-06-01 09:00:40
Кытайдан Келген Продуктаны Лабараторядан текшерип коруп зыяны жок болсо анан Элге берсе жакшы болмок!
+6
kkkk3259780
2021-06-01 09:29:18
Кытай жаман деп койгула,..
-2
Tursunbaev1978
2021-06-01 12:31:12
kkkk3259780,мактайлыбы анан?Кытай жөндөн жөн бербейт жардам,Кытай эле эмес ким болбосун,өздөрүнүн кызыкчылыгы бар
0
Globalnews
2021-06-02 07:51:41
Берсе дагы жаман бербесе дагы жаман. Жаман ооздон жаман соз чыгат болбой жакшыны жакшы жаманды жаман десек болбойт бекен. Кыйын болсок биз дагы жакыр олколорго гумжардам бермекпиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан