Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жайдын биринчи күнүндө биз салттуу түрдө Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилеп келебиз.
Бул күн жаш муунга кам көрүүнүн милдетин чоңдордун эсине салып, эскертип турат. Балдар - биздин байлыгыбыз, ошондуктан биз, чоңдор, ар бир баланын мээримди, боорукердикти сезип чоңоюшу үчүн болгон күч-аракетибизди үйрөнүшүбүз керек.
Жаш муунга ар тараптуу кам көрүү, үй-бүлө институтун чыңдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өркүндөтүү бизден туруктуулукту, акылмандыкты, сезимталдуулукту жана чыдамкайлыкты талап кылат. Биз балдарды коргоо менен гана чектелбестен, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн укуктук, социалдык-экономикалык шарттарды түзүшүбүз керек. Бул мүдөөлөр — мамлекеттик масштабдагы милдеттер, алар ата-энелердин жана жакындарынын гана эмес, бийликтин да аракетин талап кылат.
Ушул маанилүү күнү мен балдарды жек көрүүчүлүктүн заарынан жана жамандыктан коргоого үндөп кетер элем. Баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө талыкпай жардам берүү үчүн эң башкысы, анын коопсуздугу менен ден соолугу жөнүндө кам көрүп, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө шарт түзүү зарыл. Кантсе да, өлкөбүздүн келечеги жаш мекендештерибиздин канчалык деңгээлде корголгону, алардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган милдеттер канчалык натыйжалуу жүзөгө ашырылганы менен байланыштуу.
1-июнь - көптөн күткөн жайкы эс алуунун башталышы. Сиздерге көңүлдүү эс алуу, жакшы таасирлерди, жаркын идеялардын ишке ашышын жана тилектериңердин орундалышын каалайм.
Бардык ата-энелерге жана алардын балдарына чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо тилейм", - деп жазылат куттуктоодо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zumrudianka
2021-06-01 11:41:20
Чоон рахмат президентибиз Садыр Нуркожоевич, Аллахым сизди колдосун жамандыктан коргосун дайыма эл алдында жузунуз жарык болуп 15, 20 жыл президенттик тактыдан тушпой жузунуз жарык татыктуу сыйлуу болуп пенсияга чыгыныз Роббана аатина фиддуния хасаната Ва фил аахирати хасаната Ва киннаа азаабаннаар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан