Бишкекте 22 жаштагы мас абалындагы кызга кылмыш иши козголду
Бишкек шаарында 22-октябрда таңкы саат 04:55те Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде А.Элиза аттуу кыз денесинен жаракат алгандыгы тууралуу маалымат Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бул иш боюнча Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы А.Жанара аттуу кыз мас абалында кармалган. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө өздүгүн тастыктоо жана тиешелүү чара көрүү үчүн жеткирилген. Бирок А.Жанараны ички иштер органынын имаратына киргизип баратканда ал нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерине баш ийбей, орой жана уят сөздөрдү айтып, таш менен милиция кызматкеринин башына урган. Бул факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.
кыздарга спирт ичимдигин ичиштин не кереги бар? Тун ортосунда кочодо не бар экен?
0
kanybek78
2013-10-24 09:23:26
саяк журсон таяк жейсин
0
Azamatnur
2013-10-24 01:44:50
Эч нерсе эмес экен го. Коруп эле жуpобу3. Кафеден клубка кочуп жуpгондорду
0
Elaman.kg
2013-10-24 01:54:10
Кыздар ичпегиле
0
jek87_87
2013-10-24 10:29:45
Эх кыргыз калкым кайда бара жатабыз. Эми иче элек кыздарыбыз калды эле. Келечектеги омурлук жар, мотурайган бобоктордун энелери. Силерден жаралган ымыркайлар не болоор экен?
0
Samat-89-kg
2013-10-24 15:14:40
иче берсин тамагы айрылганча ичсин ошондо эсине келсе керек ...
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.