Азык-түлүк товарларынын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары өлкөдө инфляциялык тобокелдиктердин сакталып турушунан улам өсүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
"Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө, негизинен азык-түлүк товарларына жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын өсүшү сакталып турат. Ушул жылдын май айында жылдык инфляция көрсөткүчү 10,7 пайыз чегинде калыптанган. Глобалдуу рыноктордо жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашы өлкөдө инфляциялык тобокелдиктердин сакталып турушунан улам шартталган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, дүйнө жүзүндө жана Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши байкалууда, бул акырындап соода-логистикалык жолдорду калыбына келтирип, Кыргыз өлкөсүнүн тышкы экономикалык ишин кайра баштоого шарт түзөт. Бирок вакцина менен эмдөө жай арымда жүрүп, COVID-19га чалдыккандардын санынын өсүшү да экономикалык жигердүүлүктүн толугу менен калыбына келишин кечеңдетүүдө.
"2021-жылдын январь-апрель айларында “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 1,1 пайызды түзгөн. Ички керектөө бир калыпта катталууда жана ал өлкөгө акча которуулардын эсебинен колдоого алынууда. 2021-жылдын январь-март айлары ичинде жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши 420,0 миллион АКШ долларын түзүү менен 22,4 пайызга жогорулаган", - деп айтылат маалыматта.