Бишкекте кызга күч колдонууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-март күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Бах менен Гагарин көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада арыз ээсине белгисиз жаран күч колдонуп, жерге жыгылтып, денесине залал келтиргенин жазган.
"Жолдон өтүп бара жаткан бирөө окуяга күбө болуп, жабырлануучуга жардам берип, милиция чакырткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал 2001-жылы туулган жигит экендиги белгилүү болгон. Ал белгисиз клей жытын жыттап, мас абалда болгону аныкталган. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, арыз ээсинин денесинен кандайдыр бир тактар жана башка жаракаттар болгон эмес. Учурда иликтөө иштери уланууда", - деп билдиришти аталган райондук милициядан.