Нарын облусунда оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-май күнү саат 12:00 чамасында Нарын РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Казан-Куйган айылынын 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну өзүнүн үйүнөн белгисиз себептерден улам каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Милиция кызматкерлери бул фактынын чоо-жайын аныктоо максатында иликтөө иш-чараларын жүргүзөн. Анда Казан-Куйган айылынын 1993-жылы туулган тургуну 24-май күнү саат 21:00 чамасында айылдагы талаада өзү менен тең айылдашы менен жер сугарып жүрүп, ошол жерден спирт ичимдигин ичип ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен.
Натыйжада А.Н. аттуу жаранды айылдашы кол менен бетке уруп жиберген. Ал алган жаракатынан улам шайы кетип жатканда, аны сабаган тургун айылдашына чалып, "спирт ичимдигин алып келип берчи" деп аны окуя болгон жерге чакырган. Айылдашы келген учурда сабалган жаран өзүнө келе албай жаткан, аны үйүнө жеткирип барганда каза болуп калгандыгы аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене "ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, маркумду сабаган 1993-жылы туулган айылдашы кылмыш ишине шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп билдиришти Нарын ОИИБинен.