Казакстандын Жезказган шаарында мындан 22 жыл мурун уурулук кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Андагы маалыматка ылайык, 1998-жылы 15-декабрда Жезказган шаарынын полиция башкармалыгына 37 жаштагы келин кайрылган. Анда ошол эле күнү түшкө маал өзү иштеткен дүкөнгө ууру кирип, бычак менен коркутуп 1 миң 100 теңге өлчөмүндөгү акча каражатын алып кеткендигин билдирген. Бул иш каттоого алынып, издөө иштери башталганы менен натыйжа чыкпай, 1999-жылы 17-февралда издөө иштери токтотулган.
Арадан 22 жыл өткөндөн кийин гана, тагыраагы ушул жылдын 31-май күнү иштин жаңы жагдайлары боюнча бул иш кайрадан иликтөөгө алынган. Бул кылмыш ишине шектүү катары 41 жаштагы жаран кармалып, кылмышын моюнуна алгандыгы айтылат маалыматта.