Биз социалдык тармакта

Коңшу Өзбекстанда күн катуу ысый баштады

Коңшу Өзбекстандын аймагында күн катуу ысый баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Гидрометеорологиялык кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Андагы маалыматта, кечээ, 31-майда бул өлкөдө күндүн ысышы абсолюттук чекке жеткен. Анда эң ысык температура Бухара шаарында катталып, абанын температурасы +43 градуска чейин жеткен. Буга чейин синоптиктер бир жуманын ичинде Өзбекстандын аймагында кургак жана өтө ысык аба ырайы болорун билдиришкен.

1-2-июнда Өзбекстандын айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2021-06-01 17:37:17
Ошто да күн кайнап атат
+3
munduz2016
2021-06-01 18:12:02
Биз жакта деле ошондой
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан