"Евро-2020": Күчтүү делген Бельгия курамасынан турнирге кайсы футболчулар катышат? (тизме)

SUPER.KG порталы июнь айында өтө турган футбол боюнча Европа чемпиондугуна катыша турган 24 команданын фаворит командалардын курамы менен тааныштырууну улантат. Бул ирет турнирде дагы бир фаворит делген Бельгия курамасынан кайсы футболчулар "Евро-2020" турнирине катышарын карап көрдүк.

Дарбазачылар: Тибо Куртуа («Реал»), Симон Миньоле («Брюгге»), Матц Зельс («Страсбур»);

Коргоочулар: Тоби Алдервейрелд («Тоттенхэм»), Дедрик Бойата («Герта»), Жейсон Денайе («Лион»), Томас Вермален («Виссел Кобе»), Ян Вертонген («Бенфика»);

Жарым коргоочулар: Тимоти Кастань, Деннис Прат, Юри Тилеманс (бардыгы «Лестер»), Насер Шадли («Истанбул»), Янник Карраско («Атлетико»), Кевин Де Брюйне («Манчестер Сити»), Леандер Дендонкер («Вулверхэмптон»), Торган Азар, Тома Менье, Аксель Витсель (бардыгы «Боруссия Дортмунд»), Ханс Ванакен («Брюгге»);

Чабуулчулар: Миши Батшуайи, Кристиан Бентеке (экөө тең «Кристал Пэлас»), Жереми Доку («Ренн»), Эден Азар («Реал»), Ромелу Лукаку («Интер»), Дрис Мертенс («Наполи»), Леандро Троссард («Брайтон»).

Бельгия курамасы Дания, Финляндия жана Орусия менен чогуу "В" тайпасында жайгашкан.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, жарым коргоочу Кевин Де Брюйне 29-майда өткөн Чемпиондор Лигасынын финалында жаракат алган. Финалда ал каршылашы менен кагылышканда мурду сынып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан