23-октябрда Бишкектин Горький көчөсүндөгү жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды

Бүгүн, 23-октябрда таңкы саат 05:40тар чамасында Бишкек шаарындагы Максим Горький көчөсү менен чыгыш тарапка бара жаткан Фольксваген-Гольф-3 автоунаасынын айдоочусу Алтын-Ордо конушунун жанынан жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Аталган автоунаанын айдоочусу 1991-жылы туулган А.К. алгач тосмону сүзүп, рулду башкара албай калат да, анан барып темир мамыны сүзгөн. Жол кырсыгынан жабыркагандар: айдоочу - 1991-жылы туулган А.Кнын жамбаш сөөгү сынып, №4 шаардык клиникалык ооруканага, жүргүнчүлөр - 1991-жылы туулган И.Ж. ички органдарынын жаракаты диагнозу менен №4 ооруканага, 1982-жылы туулган Д.А. №4 шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө, 1991-жылы туулган Н.М. баш мээси чайкалып Улуттук госпиталга жеткирилди. Автоунаа убактылуу унаа токтотуучу жайга токтотулуп, бардык материалдар Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кырсыктарын иликтөө боюнча бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aitgul.89
2013-10-24 00:15:54
Жаман болуптур, батыраак айыгып кетишсин.
0
inoplanetyanin
2013-10-24 09:39:53
gorkiy ko4osu ondolup, alga4ky shumaherleri paida bolgon tura
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан