Кыргыз футболдук союзу, Маданият, маалымат жана спорт министрлиги "Ак шумкарларды" Японияга узатышты

Бүгүн, 1-июнда Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги, КФСнин президенти Канатбек Маматов жана башкы катчы Медербек Сыдыков, ошондой эле маданият, маалымат жана спорт министри Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев жана спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурланбек Исмаилов "Ак шумкарларды" Японияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарына узатышты.

"Биздин күйөрмандар курама команданын беттештерин күтүүдөн тажады, алдыда маанилүү оюндар күтүп турат. Татыктуу ойногула, жеңишке жетишкиле! Алыста экениңерге карабастан ар бириңиздерге жан тартабыз. Бүткүл өлкө силер менен чогуу", - деди КФСнин президенти Маматов.

"Баарыбыз силердин оюнуңарды көрүп, колдоп турабыз. Бул оюндар чоң жоопкерчилик. Сиздердин ийгиликке жетишиңиздерге ишенем”, - деди өз сөзүндө маданият, маалымат жана спорт министри Кайрат Иманалиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдө спорт менен машыгуу үчүн шарттарды жакшыртуу зарыл экендиги белгиленди. Ошондой эле Японияда ийгиликтүү оюн көрсөтүү жалпы кыргыз спорту үчүн маанилүү экендиги айтылды.

"Ак шумкарлар" Японияга 1-июндан 2-июнга караган түнү учуп кетишет.

Алдыдагы беттештердин тизмеси:

7-июнь:
Кыргыз Республикасы - Монголия,

11-июнь:
Мьянма - Кыргыз Республикасы,

15-июнь:
Япония - Кыргыз Республикасы.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2021-06-01 23:14:01
Кудайым колдоп аман-эсен барып келишсин.
+3
Sajakat14
2021-06-02 01:00:48
Оомийн.
+2
ErkinOkenovich
2021-06-02 07:14:45
Ийгилик ак шумкарлар. Экинчи орунду сактап калгыла эч болбосо. Аман эсен барып келгиле...
+2
Jigit--
2021-06-02 07:27:47
Оюнду түз эфирден көрүүгө болобу
+2
Alixan-Nookat.2015
2021-06-02 10:54:27
Гулжигит Алыкулов барбы? Ийгилик каалайм Акшумкарлар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан