Карло Анчелотти "Реал Мадрид" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Англиянын "Эвертон" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти мындан ары Испаниянын "Реал Мадрид" клубун машыктыра баштайт. Мындай маалымат мадриддик команданын расмий сайтына жарыяланды.

"Карло Анчелотти алдыдагы үч сезондо негизги команданын жаңы башкы машыктыруучусу болот", - деп жазылды клубдун сайтында.

Буга чейин "Реал Мадрид" клубун Зинедин Зидан машыктырып келип, ал 27-майда кызматынан бошотулган.

Анчелотти "Реал Мадридди" 2013-2015-жылдары машыктырган жана клубдагы биринчи сезонунда эле Чемпиондор Лигасын жеңип алган. Андан кийин Анчелотти "Бавария", "Наполи" жана "Эвертон" клубдарынын башкы машыктыруучусу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MEDER_KULETOV
2021-06-02 08:51:47
Жакшы жакшы ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан