Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жеңил унаа оодарылып кетип 4 эркек киши жабыркап, 1 адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жеңил унаа оодарылып кетип 4 эркек киши жабыркап, 1 эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 114 чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 4 эркек киши жабыркап,1 эркек киши каза болгон.
ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен райондук ооруканага жеткирилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан