Ошто 15 жаштагы бала сууга түшүп кетип, Өзбекстандын аймагына агып кетти

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Шаркансай суусуна 15 жаштагы бала түшүп кетип, Өзбекстандын аймагына агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 31-май күнү болгон.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Өзбекстандын аймагында издөө иш-чараларын жүргүзүп берүү боюнча кат жолдонгон. Кечээ, 1-июнь күнү Өзбекстандын 3 куткаруучусу Андижан облусунун Коргон-Төбө районундагы Түштүк Фергана каналына издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 2-июнь күнү издөө иштери улантылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан