Баткен облусунун Кадамжай районунда телефон уурдап чыгып аны сатып жиберип, жилет сатып кийип алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кадамжай РИИБине Халмион айылынын тургуну 18 миң сомдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, арыз жазган.
Бул факты Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Териштирүү иштеринин натыйжасында, Апсамат айылынын мурда бир жолу сот жообуна тартылган 38 жаштагы К.Н. аттуу тургуну Кадамжай шаарынан кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү уурдалган телефонду Кадамжай шаарынын тургунуна миң сомго сатып, өзүнө жилет сатып кийип алган. Мындан сырткары кылмышка шектүү Кадамжай шаарынан 3 миң 200 сомдук велосипедди уурдап кеткендиги да белгилүү болгон. Азыркы күндө уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат.