Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталып, ишмердигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Күрментцемент" ААК цемент заводунун аймагына жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-ферма аныкталды.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, компания электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмыш ишинин алкагында, майнинг-фермадан 2 миңге жакын жабдуу алынды.
Учурда УКМК тарабынан буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо улантылууда.
Тергөө иштери улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.