1-июнь күнү Кемин районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 15-чакырымында Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бригада тартылып, өрт саат 15:00дө чектөөгө алынып, саат 15:10до толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.