Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсүнүн БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылдын 2-июнунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Ал 1998-жылы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетине англис тили жана адабияты адистигине тапшырган (окуп жатканда Германияга которулган). 2007-жылы Людвигсбургдагы (Германия) PH-Ludwigsburg педагогикалык университетин (дидактика жана англис тили) аяктаган. Педагогика илимдеринин кандидаты. Тарых илимдеринин доктору.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2007-2010-жылдары - Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы;
2008–2010-жылдары - Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу;
2012–2013-жылдары - Вистула университетинин (Варшава, Польша) вице-президенти, Чет тилдер институтунун директору, проректору:
2013-жылы - Түндүк Айова университетинин чакыртылган профессору (АКШ);
2013-2014-жылы - Жонс Хопкинс университетинде пост-докторантурадан өткөн (АКШ);
2014–2017-жылдары - Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору;
2016-2017-жылдары - Жонс Хопкинс университетинин чакыртылган профессору;
2017–2018-жылдары - Өкмөттүк аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
2018-жылы - Борбор Азия регионалдык институтунун директору, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору;
2020-жылдын октябрь айынан бери билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, 5-майда кызматтан алынган.