2021-жылдын 5 айында өлкө боюнча 1 302 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 49,8 пайызга көп. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, материалдык чыгым 343 миллион сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 24 адам каза болуп (2020-жылы 8 адам), 31 киши жабыркаган (2020-жылы 13). Тилсиз жоодон 10 адам куткарылды.
Статистика боюнча өрт кырсыктарынын 66,1 пайыздан көбү турак жай секторунда чыгат.