Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү 17-20-июнь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган "VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN" эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ошондой эле спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 5-17-июнь күндөрү Грузиянын Бакуриани шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрүшөт.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама бул мелдешке төмөнкү курамда катышат:
1. Жоламан Шаршенбеков 60 кг;
2. Калы Сулайманов 60 кг;
3. Амантур Исмаилов 67;
4. Марлен Асыкеев 67 кг;
5. Руслан Царев 72 кг;
6. Акжол Махмудов 77 кг;
7. Акылбек Талантбеков 77 кг;
8. Калидин Асыкеев 82 кг;
9. Атабек Азисбеков 87 кг;
10. Азат Салидинов 87 кг;
11. Үзүр Жузупбеков 97 кг;
12. Бексултан Махмудов 97 кг;
13. Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу;
14. Азат Эркимбаев, башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлөт.