Бишкекте 5 ай аралыгында миңден ашуун адамды ит тиштеген

Бишкек шаарында ушул жылдын 5 айында 1 миң 88 адам гидрофобия тобокелдигине кабылган, анын ичинен 347ү 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кутурма же гидрофобия - бул ооруган малдын тиштеген жери аркылуу жуккан, нерв системи жабыркаган курч вирустук оору экенин кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, адамдар кутурма оорусун негизинен иттерден жуктурушат. Инфекциянын тарашы тиштеп алганда шилекей аркылуу өтөт. Ылаңдаган малда оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин 10 күнгө чейин жугуштуу болушу мүмкүн.

Жапайы жаныбарлар арасында инфекциянын негизги булагы карышкыр, түлкү, чөө, жарганат, ал эми үй жаныбарлары арасында иттер менен мышыктар болуп саналат. Жылкы, бодо мал, чочко жана келемиштер айрым учурда гана инфекциянын булагы болуп калышы мүмкүн.

Эгерде ит тиштеп алса эмне кылуу керек?

* жаракат алган жерден канды сыгып, суу жана самын менен жакшылап жуу;
* хирургга кайрылып, кутурмага каршы вакцина алуу;
* итти 10 күн бою байкап туруу, эгер ит өлбөсө, анда ал кутурма менен оорубайт;
* ит өлгөн учурда анын сөөгүн ветеринардык-диагностикалык лабораторияга жөнөтүү.

Эгерде адамда
гидрофобиянын алгачкы белгилери пайда болсо, анда аны куткаруу мүмкүн эмес.

Ит тиштеген учурда Бишкектеги Манас кең көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан Спорт жана калыбына келтирүү борборунун дарыгер-рабиологуна кайрылуу керек. Ошондой эле аталган борбордо травматология борборлору бар, алар дем алыш жана майрам күндөрүнө карабастан мал тиштегенден жабыркагандарга күнү-түнү жардам көрсөтүшөт. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан