Коңшу Өзбекстанда эртең, 3-июндан тартып күндүн табы +46 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Узгидромет борборуна таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
"3-7-июнь күндөрү абанын температурасы климаттык нормадан +7, +10 градус жогору болот. Күндүз +40, +43 градус, ал эми түштүктө жана чөл зонасында +44, +46 градуска чейин ысыйт", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Өзбекстанда аба ырайы катуу ысый баштаганы кабарланган.