Эртең, 3-июнда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында күндүн катуу ысый турганы күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн "Ориент" аттуу басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, синоптиктер шаарда абанын температурасы +44, +47 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтышууда. Мындан улам, эртең кары-картаңдар, жаш балдар, ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга күндүз көчөгө чыкпоо сунушталат.
Түркмөнстандын борборундагы эң ысык аба ырайы 2015-жылдын 30-июнунда катталган. Анда шаардагы термометрлер +47,2 градусту көрсөткөн.
Буга чейин, 3-июндан тартып коңшу Өзбекстанда дагы күн катуу ысый тургандыгы кабарланган.