SUPER.KG порталы июнь айында өтө турган футбол боюнча Европа чемпиондугуна катыша турган 24 команданын фаворит командаларынын курамы менен тааныштырууну улантат. Бул ирет турнирде дагы бир фаворит делген Нидерланды курамасынан кайсы футболчулар "Евро-2020" турнирине катышарын карап көрдүк.
Дарбазачылар: Яспер Силлессен ("Валенсия", Испания), Тим Крул ("Норвич", Англия), Мартен Стекеленбург ("Аякс").
Коргоочулар: Маттейс де Лигт ("Ювентус", Италия), Дэйли Блинд ("Аякс"), Жоэл Фелтман ("Брайтон", Англия), Дензел Дюмфрис (ПСВ), Стефан де Фрай ("Интер", Италия), Патрик ван Аанхольт ("Кристал Пэлас", Англия), Натан Аке ("Манчестер Сити", Англия), Овен Вейндал ("АЗ"), Журриен Тимбер ("Утрехт").
Жарым коргоочулар: Френки де Йонг ("Барселона", Испания), Райан Гравенберх ("Аякс"), Жоржиньо Вайналдум ("Ливерпуль", Англия), Донни ван де Бек ("Манчестер Юнайтед", Англия), Мартен де Рон ("Аталанта", Италия), Дави Классен ("Аякс"), Тен Копмейнерс ("АЗ").
Чабуулчулар: Мемфис Депай ("Лион", Франция), Люк де Йонг ("Севилья", Испания), Вут Вегхорст ("Вольфсбург", Германия), Коди Гакпо, Дониэлл Мален (экөө тең "ПСВ"), Стевен Бергхейс ("Фейеноорд"), Квинси Промес ("Спартак", Орусия).
Баса белгилей кетүүчү жагдай, Нидерланды курамасынын белгилүү коргоочусу Виржил Ван Дейк "Эвертондун" дарбазачысы Жордан Пикфорд менен кагылышып жаракат алгандыгына байланыштуу "Евро-2020" турнирине катышпайт.
Нидерланды курамасы "Евро-2020" турниринде Украина, Австрия жана Түндүк Македония менен бир тайпада ойнойт.