Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, айдоочу каза болду. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя 2-июнда Чычкан капчыгайында катталды.
Министрликтин билдирүүсүндө RENO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, Чычкан капчыгайына түшүп кеткендиги айтылат. "Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу (аты-жөнү такталууда) көз жумду. Жерине тартылган 5 куткаруучу каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.