Чүйдө эки кишини бычактаганга шектүү кармалды. Жабыркагандардын бири каза болду

Чүйдүн Аламүдүн районунда киши өлтүрүү жана денеге оор жаракат келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнь күнү Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандагы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда 1979-жылы туулган Д.Н. аттуу жаран алган жаракаттарынан улам эсине келбей, ооруканада каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүүнүн аты-жөнү такталып, 1979-жылы туулган жаран кармалды. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине дагы бир жаран бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Териштирүү учурунда 1980-жылы туулган Ч.У. аттуу жаран денесинен бычактан алган жаракатынан улам жаткырылганы аныкталып, бул окуяга да жогорудагы шектүү кишинин катыштыгы бар экендиги такталган.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, кылмышка шектүү жана ооруканага түшкөн эки жаран ичимдик ичип отурушуп, ортодо чыккан пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында эки жаран бычактан жаракат алып, бири ооруканада каза болгон. Экинчиси мас абалында болгон үчүн бир топ убакыт өткөндөн кийин ооруканага кайрылганы маалым болгон", - деп жазылат маалыматта.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан