"Барселона" клубу менен команда капитаны Лионель Мессинин жаңы келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн деталдары белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
"Месси 4 жылдык келишим менен "Барселонада" 240 миллион евро каражат табат. Келишимде Мессиге жылына 60 миллион евро маяна сунушталган. Анын 2 жылы оюнчу катары, 2 жылы клубдун АКШдагы элчиси катары болот. Ошондой эле дагы деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын баса белгилейт", - деп жазылат маалыматта.
Лионель Месси "Барселона" командасында 2003-жылдан бери ойноп келет. Ал футболдогу жеке сыйлыктын эң мыктысы болгон "алтын топту" 6 жолу жеңип алган.