Жалал-Абад шаарында 7 жашар кызга жездеси сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад ШИИБине 1980-жылы туулган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2014-жылы туулган кызына карата 1990-жылы туулган Ш.А. аттуу күйөө баласы өзүнүн унаасынын ичинде сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп билдирген.
Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 162-берене "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Учурда кызга карата тиешелүү экспертиза дайындалды. Милициядан териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.