Астанада өткөн "Менин Казакстаным" аттуу сынакта кыргызстандык студент Адилет Азим уулу 1-орунду алды
Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Адилет
Азим уулу
Казакстандын Астана шаарында композитор Шамши Калдаяковдун урматына өткөрүлүп жаткан "Менин Казакстаным" аттуу эл аралык сынакта 1-орунду алды. 23-октябрь күнү экинчи турдан кийин жыйынтык белгилүү болуп, учурда гала-концертке даярданууда. Ырчылар арасында өткөн сынакта кыргызстандык ырчы казак тилинде 4 ыр (үчөөсү эстраданын, бири фортепианону коштоосунда) ырдады. Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Монголия, Өзбекстандан келген 26 катышуучулардын ичинен Адилет Азим уулу 1-орунду ээлеп, 5000 долларга ээ болду. Баш байге алматалык ырчыга буюрду. Эске салсак, Адилет Азим уулу Чолпон-Ата шаарында 2013-жылы 20-июлда өткөн Эл аралык “Мейкин Азия” фестивалында 3-орунду ээлеген.