Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевдин Талас шаарында 6-июнь күнү "Мөлмөлүм" аттуу жеке концерти өтөт. Бул тууралуу ырчынын өзүнө байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду.
"Чыгармачылыктагы үзөңгүлөш жакын досторумдун колдоосу менен буюрса жеке концертимди бергени жатам. 5-июнь күнү өзүм туулуп өскөн айылда, 6-июнь күнү Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрда "Мөлмөлүм" аталышындагы концертим өтөт. Даярдыктар жакшы, жаңы ырларды жаздырдык. Концертиме Кыргыз Эл артисти Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Амантай Кутманалиев, Сыймык Бейшекеев, манасчы Рыспай Исаков, ырчылар Гүлгаакы Сагындыкова, Өмүрзак Кайыпов, Турдукан Сарбанова, алып баруучу Айбек Келсинбеков келишет", - дейт Аликеев.