Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июнь күнү Айдаркен аймагында чек ара кызматкерлери нөөмөттө кызмат өтөп жатып контрабандалык жүктү ташып бара жаткан жарандарды кармашкан.
"Кызматкерлер эки оор жүк ташуучу унааны токтотуп текшергенде 20 жана 39 жаштагы Кыргыз жарандары Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тийиштүү документтери жок унаа дөңгөлөктөрүн, айыл чарба товарларын жана башка жүктөрдү алып бара жатышканы белгилүү болгон.
Тиешелүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана алынган товарлар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.