Чүйдө жайгашкан №3 абакка баңгизатын алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Чүйдө жайгашкан №3 абакка баңгизатын алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнь күнү саат 14:30 чамасында №3 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чүй облусунун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, Ново-Покровка айылында жайгашкан №3 мекемесине караштуу аймактан ак түстөгү Хонда Фит унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Натыйжада унаанын ичинен болжол менен 180 грамм салмактагы баңгизаты табылган. Шектүү катары Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну К.А. жана 1973-жылы туулган Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну У.Б. кармалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш Ысык-Ата РИИБине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан