Бишкектеги соода борборлордун бириндеги сатуучу менен кардардын чыры. Кардар тосмо арыз жазды

Буга чейин Бишкек шаарындагы "Таш-Рабат" соода борборунда кардар менен консультанттын ортосунда чыр орун алган. Кардар сатуучуга карата тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатуучу тосмо арыз жазган эмес.

Эске салсак, 20-май күнү саат 15:00дө "Таш-Рабат" соода борборунда кардар менен консультанттын ортосунда орун алган чырдын видеосу тараган.

Ошол эле күнү Октябрь РИИБине Л.В. аттуу аял арыз менен кайрылып, Горький көчөсүндө жайгашкан соода борборунан белгисиз кардар ага пикир келишпестиктен улам денесине залал келтиргенин жазган.

Мындан сырткары милицияга дагы бир тургун арыз жазып, анда аталган соода борбордон белгисиз сатуучу кыз пикир келишпестиктен улам 3 жашар кызынын денесине залал келтиргенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене "майда бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бишкекте соода борборлордун биринде белгисиз киши сатуучуга кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2021-06-03 18:00:33
Бул идиот оорукчан окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан