Изделип жаткан Орхан Инандынын жубайы: "85 жаштагы апасына анын жоголуп жатканын айта элекпиз"

Дайынсыз болуп изделип жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды бүгүн, 3-июнда маалымат жыйын берди.

Анда ал президент Садыр Жапаровго дагы бир жолу кайрылуу жасады.

"3 күндөн бери жолдошум дайынсыз. Президент аны ыкчам издөөгө буйрук бергенден бери ичимде жылуулук пайда болду. Биз аны аман-эсен табабыз деген үмүттөбүз. Биз Кыргыз өлкөсүндө 25 жылдан бери жашайбыз. Улуу кызыбыз 25 жашка чыкты. Жолдошум ички жана тышкы саясатка аралашкан эмес. Ал билим берүү менен гана алектенип келген. Ал өтө жумшак, ак көңүл адам. Анын дайынсыз болуп жатканын 85 жаштагы апабызга айта элекпиз. Биз андан жашырып жатабыз. Жакынкы күндөрү УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери бизди кубантып таап келет деп күтүп жатабыз.

Жолдошумду издөөгө жардам берип жаткан бардык жарандарга, укук коргоо органдарына ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыз өлкөсү биздин мекен, балдарымдын мекени. Биз Кыргыз мамлекетин абдан жакшы көрөбүз, сый-урматыбыз абдан чоң", - деди Рейхан Инанды.

Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.

Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-06-03 16:08:32
Эсен-аман табылып калсын
+5
Asmat84
2021-06-03 16:58:03
Эмне болду экен аа бул кишиге... кимге керек болду экен. Кимдин куйругун басып алды экен эле
Ыссыктан качып телефондорун өчүрүп Суусамырга барып бир кымыз ичип келейинчи деп кетпеди бекен?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан