Айып пулдар боюнча Бишкек шаарында нааразычылык акциясына чыккандар президент Садыр Жапаровго, Коопсуздук кеңешинин төрагасына, министрлер кабинетинин төрагасына, Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасына кайрылуу жолдошту.
Алар өз кайрылуусунда "Коопсуз шаар" долбоору коррупциянын чордонуна айланганын айтып, 11 талап коюшту.
"Аталган долбоордун авторлору, эксперттер, адистер жол кыймылы боюнча тарифти бекитерде кандай экономикалык негиздемеге таянышкан? Элдин социалдык, экономикалык абалын эмнеге эске алган эмес? Киреше булактары, алган жөлөк пул, пенсия, айлык акы жана башкалар менен айып пулдардын көлөмү салыштырылып, эч кандай анализденген эмес.
Жаңы бийликти шайлоодо эбегейсиз колдоого алып, жумурай журт жакшыга үмүт кылып күткөнүбүз күткөн.
Долбоордогу кемчиликтер, оңдой турган жерин, коррупциялык схемаларын көзгө сайып көргөзүп жатабыз. Жарым жыл өттү же реакция жок.
Жүз миңдеген негизсиз айып пулдар, көз боёмоочулук, кабыл албоо, тоноо жана башка Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгындагы иштер, эл менен милициянын ортосунда бириккис ажырымга алып баратат", - деп айтылат маалыматта.
Төмөндө талаптардын тизмеги:
1. Айып пулдар азайсын;
2. Негизсиз берилген айыптар жокко чыгарылсын;
3. "Вега" компаниясы ишмердүүлүгү текшерилсин;
4. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси
Азамат Исраилов, орун басары Ыманалы Саркулов, "Коопсуз шаар" башчысы Гүлмира Баратова жумуштан айдалсын;
5. Ишеним кат менен сатылган, "коопсуз шаар" киргенде кармалып калган болуп калгандардын масалеси чечилсин;
6. Үстөк пайызы (пеня) жок болуп, бирдиктүү айып болсун;
7. Юристтер сотко киргенге чектөөлөр алынып, кайра кароо Жогорку Сотко чейин каралсын! Жашаган жеринен сотко кайрылуу укугу берилсин;
8. Почта (айыпка тартуу эскириши 1 айга кыскартылсын);
9. "Коопсуз шаардын" комиссиянын көпчүлүгү жарандык коомдон түзүлсүн;
10. Айып короого киргизилген унаалар, максималдык айып 10 миң сомдон ашык эмес айып төлөө менен бошотулсун;
11. "Коопсуз шаар", "Вега", Мамлекеттик стандарт, Санариптик өнүгүү министрлигинде мыйзамсыз айыптарды тактоо үчүн атайын тегерек стол уюштурулсун.