Маршруттук таксинин айдоочулары шаар тургундарына кайрылуу жасашты

Бишкек шаарында маршруттук таксилерде иштеген айдоочулар шаар тургундарына кайрылуу жолдошту. Айдоочулардын айтымында, алар май айында эле иш ташташмак, бирок чек арадагы жаңжалга байланыштуу июнь айына калтырышкан.

"Жол акысына болгон баа 12 жылдан бери көтөрүлбөй келе жатат. Унаанын тетиктери, күйүүчү май кымбат болууда. 80 пайыз айдоочулардын насыялары бар. Биздин төккөн салыктар борборду көрктөндүрүүгө жумшалат. Ал эми автобустар өзүлөрүн актай албай отурат. Автобустар эч кандай салык төкпөйт. Эл дагы бизди туура түшүнүшү керек. Бүгүнкү күндө биз киреше таппай калдык. Биз мэриядан бир сом дагы албайбыз, баарын өзүбүз жасап жатабыз. Батирлерде жашаган балдар бар, аларга да кыйын болуп калды. Шаардык кеңештин эски депутаттары чогулуп, баа маселесин чечип берсе жакшы болмок", - деди чогулган айдоочулардын бири.

Маалымат үчүн:

Кечээ, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксинин айдоочулары жол кире тарифин жогорулатуу талабын коюп, каттамга чыкпай коюшкан. Бүгүн дагы каттамга чыкпай, учурда калаада троллейбус жана автобустар гана иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Erik2018
2021-06-03 15:52:39
Автобустарды жамандабай эле койгула. Силер аларды жаман коросунор линияга кататканды жаман коросунор, бут тососунар. Мэрия автобусту кобойтсун уят килейген шаарга калдыраган маршурткаларды каттаттырып.
+13
Aibek_eka
2021-06-03 16:05:55
Машурткаларды жок кылып автобустарды алгыла койгула жол тыгын да эреже бузганда азайат
+13
modem4999
2021-06-03 16:25:13
Тобоо деп иштей берсенер болмок, мына эми ишсиз каласынар
+10
umarbey
2021-06-03 17:22:37
Menin bratim arendaga marshrutka aydayt, kununo taza 2000-2500 som ishtep kelet ozunun aytuusu boyuncha. Eshe kayrimduuluk kilgandida unutpayt. Kudayga shugur dep ishtese bolot ele...
+5
VENOM
2021-06-03 18:02:47
Чыккынчылар
-1
nazira...
2021-06-03 18:24:25
Силердин колунардан жетелеп бирөө апкелип иштетип аткан жок, бир нерсе бар үчүн ушунча жылдан бери иштеп келе жатасынар. Иштебесенер кетарман катынга окшобой унчукпай кеткиле, иштей турган адам толтура. "Ойношко ишенип эрсиз калдым" болосуңар.
+2
Future11
2021-06-03 20:49:14
Бирок акыйкат бензин аябай кымбаттап кетти. Аларды да түшүнсө болот. Бирок Маршруттук таксилер чон шаарлар үчүн эмес. Баардык онуккон шаарларда трамвайлар жүрөт.
+1
NurikAKSUU89
2021-06-03 23:25:37
Ушу маршруткаларды такыр эле жоюп салыш керек. Абанын баарын булгаган ушулар
+4
Taalaibek.
2021-06-04 20:44:06
Маршруттук таксилер эми чыкпайт окшойт. Себеби бекер автобус иштеп жатат. Онуго бер Кыргызстан! Марштуттун айдоочулары, эми маршруттук таксинерди базарга барып сата берсенер болот. Айыл жергесиндеги айдоочулар сатып алышат. Бирок арзан саткыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан