3-июнь, 1949-жылы Эл аралык бокс ассоциациясынын жана Олимпиаданын калысы Бедалы Алымкулов төрөлгөн.
Эл аралык бокс ассоциациясынын жана Олимпиаданын калысы Бедалы Алымкулов Жайыл районуна караштуу Большевик айылында төрөлгөн. 1967-жылы Кара-Балта тамак-аш техникумун, 1972-жылы КМДТИни, 1979-жылы Кыргыз улуттук университетин бүткөн. Ал эми 1967-1976-жылдары комсомолдук жетекчи кызматтарда иштеген. 1976-1978-жылдары Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары, 1978-1990-жылдары Мамлекеттик камсыздоо комитетинде башкы адис, бөлүм башчы, 1990-1997-жылдары "Кыргыз курулуш токой чарба" АКнын төрагасынын орун басары, 1997-жылдан тартып жеке ишкердик менен алектенген.