Ысык-Көлдө жергиликтүү балыкчы чөгүп кетип, издөө жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну көлгө чөгүп кетип, издөө жүрүп жатат. Бул тууралуу 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдыр министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну шейшемби күнү көлгө балык кармаганы барып, чөгүп кеткен. Кечээ балыкчыны издөө үчүн Караколдогу куткаруу кызматынан 4 кызматкер тартылган. Бүгүн, 24-октябрда издөө иштери улантылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан