Исфанада Mercedes-Benz Sprinter унаасы 4 жашар кызды сүзүп, ал ооруканага жетпей каза болду

Баткен облусунун Исфана шаарында Mercedes-Benz Sprinter унаасы 4 жашар кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-июнь күнү саат 17:38 чамасында Исфана шаарында болгон.

"1990-жылы туулган Лейлек районунун тургуну Mercedes-Benz Sprinter унаасына жүргүнчүлөрдү салып, Бишкекке сапар алган. Жолдо бара жаткан учурда 4 жашар кыз жолго чуркап чыгып, айдоочу аны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу кыз ооруканага жетпей алган жаракаттарынан улам каза болуп калган. Унаа айып короосуна токтотулуп, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан