Бүгүн, 3-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Япониянын Осака шаарына учуп барды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
КФСнин билдиришинче "Ак шумкарлар" менен чогуу тайпадагы атаандаш болгон коңшу Тажикстан курамасы бир учакта Осака шаарына учуп барган.
"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5-турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япония жана Тажикстандан кийин 7 упайы менен 3-орунда келе жатат.
Алдыдагы беттештердин тизмеси:
7-июнь:
Кыргыз Республикасы - Монголия;
11-июнь:
Мьянма - Кыргыз Республикасы;
15-июнь:
Япония - Кыргыз Республикасы.