5 күндө 400 миң түгөй баш кошту. Кытайда үйлөнгөндөр көбөйдү

Кытайда карантин чектөөлөрү алынып, абал турукташа баштагандан кийин бакыт үйлөрүнүн алдында чоң кезек күтүүлөр пайда болду. 5 күндүн ичинде 400 миңден ашуун түгөй баш кошушту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, Кытайда былтыр пандемияга байланыштуу көптөр үйлөнүү тоюн токтото турушкан. Алар үлпөт тойлорун быйыл өткөрүп жатышат. Муну менен баш кошкондордун саны өткөн жылга салыштырмалуу 200 пайызга көбөйгөн. Фотограф, видеограф, жана чач-тарач сыяктуу кесиптерге болгон талап күтүүсүздөн жогорулаган.

Ошондой эле быйыл тойго келген коноктордун саны орто эсеп менен 12ге чейин кыскарды. Бул сан өткөн жылдарда 20дан 30га чейин болгон. Буга карабастан тойго сарпталган каражат 15-20 пайызга чейин көтөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-06-04 08:24:12
Дагы кобойлоу деп чечкен окшойт
0
Belek1710
2021-06-04 13:31:15
бир күндө 400 миңге көбөюшөт экен дагы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан