Күрөш боюнча кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү, белгилүү балбан Кайрат Түгөлбаев аскер кызматын өтөп жатат. Аскерде жүргөн сүрөтүн ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Кайрат Түгөлбаев бир нече жолку эл аралык турнирлерде жеңишке жеткен. Ал мелдешке 77 килограмм салмакта катышат.
Кайрат Түгөлбаев 2020-жылы 77 килограмм салмакта өлкө чемпиону аталса, быйыл февраль айында өткөн өлкө чемпиондугунун финалында Акжол Махмудовго жеңилип калган.